Министрлер кабинети мүлк сатып алууда накталай төлөмдөргө тыюу салууну сунуштоодо

Министрлер кабинети мүлк сатып алууда накталай төлөмдөргө тыюу салууну сунуштоодо.

Маалыматка ылайык, чектөө — баасы 100 миң сомдон ашкан мүлктү сатып алууда колдонулушу күтүлүп жатат.

Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, накталай эмес эсептешүү эрежесин сактабаган адамдарга нотариалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат.

Документ кабыл алынса, кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Долбоордун максаты — экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана салык базасын кеңейтүү.