Кыргызстанда чиновниктерге чет элдик банктарда эсеп ачууга жана акча сактоого тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанда чиновниктерге чет элдик банктарда эсеп ачууга жана акча сактоого тыюу салынышы мүмкүн.

Мындай норма “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунда камтылган.

Экономика министрлиги иштеп чыккан документте мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Тактап айтканда, чиновниктер кызматтык абалынан пайдаланып, жеке маселелерин чечип, саясий партияларды түзө албайт.

Документ талкууга коюлду.