Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан четтетилди

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында коло медаль үчүн күрөшүп (68 кг), алган жаракатынан улам четтетилди.
Ал жарым финалда япониялык балбан кызга 2:6 эсеби менен утулуп калган. Ал эми коло үчүн таймашта казакстандык Елена Шалыгина менен кармашты.
Беттеш учурунда Жумназарованын мурду канап кетти. Берилген убакыт ичинде мурдунан аккан кан токтобой койгондуктан беттеш токтотулду. Натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.
Буга чейин Калмира Билимбек кызы (59 килограммга чейин) коло медаль уткан.