Мэрия тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктүн калдыктарын сатып алууну караштырууда

Пландалган жумуштун баары ишке ашса жакын арада түтүн маселеси чечилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев республиканын ири шаарларында экологияны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБин отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн, тагыраагы, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу тууралуу айтты.
Белгиленгендей, борбордук ЖЭБдин жаратылыш газына өтүшү менен 600 миң тоннага аз көмүр пайдаланылып калат.
Ал эми борбор калаанын мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22 от казан газ менен жылытууга өткөрүлүп, 800 автобустун келиши күтүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул Бишкектин көчөлөрүндөгү унаалардын санын бир топ кыстартып, машиналардан бөлүнүп чыккан газды азайтат.
Абдыкадыров ошондой эле «тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын муниципалитет тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын, жылдын аягында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирерин жана таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлөрүн» кошумчалады.
Өз кезегинде Жапаров Бишкек ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүүдө калкка жаратылыш газын кошууга жана газ казандарын сатып алууга пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөөнүн дифференцияланган системасын иштеп чыгуу сыяктуу тапшырмаларды берди.