Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 332 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 60, Ошто 52, Чүйдө 41, Таласта 3, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 82, Баткенде 75 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 50 миң 741ди түздү.