Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевтикалык компанияларга 1 миллиард 2 миллион сом карыз. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, министрлик жыл аягына чейин карызды жабууга аракет кылат. Бирок азырынча, бюджетте мындай суммадагы акча жок, — деди министр.
Бейшеналив белгилегендей, фармацевтикалык компаниялар карызды алган учурдагы эмес, азыркы кымбаттап кеткен доллар курсу менен берүүнү талап кылышууда.