Нарын шаарында жаңы жылдык балаты орнотулду.
Кыш сулуусу Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта тургузулду.
Анын бийиктиги 12 метрге жетсе, диаметри 5 метрди түзөт.
Жаңы жылдык башкы символу 2019-жылы мэрия тарабынан сатып алынган.
Жаңы балаты сатып алууга муктаждык жок болгондуктан,
быйыл бул максатта акча бөлүнгөн жок, — деп кошумчалашты мэриядан.