Талас облусунун Манас районунда жаңы медициналык мекеме ачылды.
Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы
имараты пайдаланууга берилди. Эски аймактык оорукананын бир бөлүгү
демөөрчүлөрдүн жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Иштерге жалпысынан 7 миллион 200 миң сом жумшалды.
Жаңы бөлүмдө 30 бейтап дарылана алат.