Япониянын бир катар шаарларында карантиндик чектөөлөр кайрадан узартылды

Япония өкмөтү коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик өзгөчө кырдаал режимин 20-июнга чейин узартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн экономиканы калыбына келтирүү министри Ясутоси Нисимурага шилтеме берүү менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

 

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, бирок вирустун жаңы учурлары катталып жатат. Мындан улам карантиндик чектөөлөрдү 20-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Чектөө чаралары узартылган аймактар Токио, Осака, Киото, Хёго, Фукуока, Айти, Хиросима, Окаяма жана Хоккайдо шаарлары.

Жарандарды муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого, ал эми мекеме, ишканаларды аралыктан иштөөгө өтүүсүн суранабыз», — деген ал.