Быйыл Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди

Быйыл Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын май айына карата республика боюнча дээрлик 700 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 миң гектарга көп.

Аянтына карата жазгы эгиндердин көбөйүшү пахтанын, арпанын, май өсүмдүктөрү жана картошканын өсүшүнүн эсебинен болду.

Ошону менен бирге жаздык буудайдын, буурчак дан жана кант кызылчасынын айдоо аянттары кичирейди.

Белгилеп кетсек, жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң үлүш Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын чарбаларына туура келет.