19-20-ноябрда Жарандык коргонуунун атайын машыгуулары өтөт

19-20-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонуунун

атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу окутуу менен эки этапта өткөрүлөт.

Бул машыгуунун максаты качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.

Анын жүрүшүндө качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Машыгууга президенттин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышат.

Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн көрсөтүлөт.