Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

буга чейин айыл эли өз алдынча каражат топтоп, көпүрө куруп келишкен.

Бирок сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам көпүрөнү сел алып кетчү.

Эми аймактын маселеси чечилди. Беш-Буркан айылынын тургундары көпүрөдөн  коопсуз өтө алышат.