Ноокатта эки завод курулууда

Ноокатта таш майдалоочу заводдун жана асфальт-бетон чыгаруучу ишкананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө да салым кошот деп күтүлүүдө.

 

Белгиленгендей, алар аймакты жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.