Бишкекте 36 жылдан берки температуранын рекорду жаңыланды

Бишкекте 36 жылдан берки температуранын рекорду жаңыланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

 

Синоптиктердин маалыматына ылайык, кечээ ордо калаада абанын табы 18 градуска чейин көтөрүлдү. Көрсөткүч ошол күндөгү максимумдан ашты.

 

Бул күндүн эң жылуу кышкы күнү 1987-жылы катталган, анда абанын температурасы +16 градус болгон.