Нур-Султан шаарында Манастын, кийинки жылы Чыңгыз Айтматовдун айкелдери орнотулат

Нур-Султан шаарында Манастын, кийинки жылы Чыңгыз Айтматовдун айкелдери орнотулат. Мындай макулдашуу Маданият министри Азамат Жаманкуловдун казакстандык кесиптеши Даурен Абаев менен жолугушуусунда жетишилди.

 

Манастын эстелиги жыл аягына чейин, ал эми залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата айкели кийинки жылы тургузулат.

 

Белгилеп кетсек, кечээ Бишкекте Казакстандын акыны Абай Кунанбаевге эстелик ачылды.