Касым-Жомарт Токаевдин сапары карып, Казакстанга учуп кетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин бүгүн, 26-майда, Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктап, өлкөсүнө учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө лидерлери чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгынын абалын жана мындан ары чыңдоо келечегин олуттуу талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюшту.
Андан соң Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун видеоконференцбайланыш форматындагы пленардык жыйынына катышышты.
Ошондой эле Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев чогуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун эстелигин жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачышты.