Бүгүн Кыргызстанда билим күнү

Бүгүн Кыргызстанда билим күнү. Мектептерде жаңы окуу жылы старт алды. Өлкөнүн бардык орто билим берүү мекемелеринде ушул мүнөттө салтанаттуу линейка башталууда.

 

Биринчи жолу мектеп босогосун 160 миңден ашык бала аттады. Окуучуларга быйыл 75 миңден ашык мугалим билим берет. Эске салсак, өлкөдө жалпысынан 2 миң 296 мектеп бар, анын 152си жеке мектептер.