Ордо калаада 7 миң 228 үй мыйзамсыз курулган. Бул тууралу ордо калаа мэри Айбек Жунушалиев жарыялады.
Анын айтымында, учурда Бишкек жетекчилиги бийликтин тапшырмасы менен бул турак-жайларды жана тургузулган жер тилкелерин мыйзамдаштырып баштады.
Алгач техникалык паспорттор берилет. Анын жардамы менен үйлөрдүн ээлери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.