Илон Масктын байлыгы 300 миллиард доллардан ашты

SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси, америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы

300 миллиард доллардан ашты. Муну менен ал дүйнөдөгү эң бай адам статусун сактап калды.

Tesla электромобилинин акцияларынын баасынын кескин өсүп, Масктын байлыгы бир күндө

17 миллиард 100 миллион долларга өстү. Муну менен анын каражаты 315 миллиард долларга жетти.

Андан кийинки эле катарда 193 миллиард 200 миллион доллары менен Amazon’дун

негиздөөчүсү Жефф Безос жана 190 миллиард 800 миллион доллары менен LVMH

компаниялар тобунун башкы директору франциялык Бернар Арно турат.