Ордо калаанын №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкка ээ болду

Ордо калаанын №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкка ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал мүмкүн болгон 245 упайдан 235 балл топтой алды.

 

Бул жыйынтык ага Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайына бюджеттик негизде окууга өтүү укугун берет.

 

Өлкө боюнча эң көп упайларды 57 окуучу топтоду. Бирок 24-25-июнда өткөн тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч өсүшү мүмкүн.