Бишкектин борборунда ремонттук иштер пландалган мөөнөттөн эрте бүтүп, жаратылыш газы бериле баштады

Бишкектин борборунда ремонттук иштер пландалган мөөнөттөн эрте бүтүп, жаратылыш газы бериле баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын билдиришти.

 

Эске салсак, компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүн алмаштырууну пландаган.  Көгүлтүр от Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева, Малышева, Баялинов, Журнальная көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен чектелген бөлүктө өчүрүлгөн.

 

Иштер эрте аяктап, бүгүн түтүктөр текшерилгенден кийин газ берилип баштайт.