Эртең, жаңы окуу жылынын башталышына карата Бишкекте 4 мектеп ачылат.
Кеп, Озерная айылындагы 375 орундуу мектеп, №72-мектеп-гимназиясынын
225 балага чакталган кошумча корпусу жана №5-улуттук компьютердик гимназиянын
375 окуучуга ылайык кошумча курулушу, ошондой эле 384 балага эсептелген
№12-мектеп гимназиясы тууралуу болуп жатат, — деп билдиришти Novosti.kgге
мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен. 4 мектептин курулушуна
Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен 2,5 миллион
доллар жана бирдиктүү депозиттик эсептен 120 миллион сом багытталды.