Япония Бишкек – Ош унаа жолунда кар күрткүлөрүнөн коргоо тосмолоруна   7,5 миллион доллар бөлүп берет

Япония Бишкек – Ош унаа жолунда кар күрткүлөрүнөн коргоо тосмолоруна   7,5 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабылды Тиллаев билдирди.

 

Анын айтымында, каражат гранттык негизде тапшырылат. Кардан коргоочу тосмолор япон технологиясы менен курулуп, Төө-Ашуу жана Ала-Бел өтмөктөктөрүндө орнотулат.