“Журналисттер” бирикмесинин төрагасы алмашты

Нурдин Дүйшөнбеков 18-майда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп шайланды.

Ал эми бирикмени 2018-жылдан бери жетектеп келген Марс Тулегенов ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырганы кабарланды.

Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жаңы төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, журналисттердин таламын коргогон активист катары белгилүү.

“Журналисттер” бирикмеси өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюм. Кыргызстанда журналисттер менен иш алып барган Көз карандысыз журналисттер бирлиги да бар.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун рейтингинде, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу.

Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча 72-орунга чыкты.