Ош мамлекеттик университети 5 кабаттуу жаңы окуу корпусун курат

Ош мамлекеттик университети 5 кабаттуу жаңы окуу корпусун курууга ниеттенүүдө.

Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Курулушка 16,4 миллион сом жумшоо пландаштырылган. Тендердин шартына

ылайык, аукционго катышуучу 150 миллион сомдон кем эмес

суммадагы курулушта тажрыйбасы болушу шарт.