Россияда iPhone 13 рекорддук көрсөткүчтө сатылды.
Коммерсант жарыялагандай, өткөн жумада эле жаңы моделдин
сатылышынан түшкөн киреше 5 миллиард 300 миллион рублдан ашты.
Сатуучулардын айтымында, жаңы iPhone 13кө суроо-талап күтүлгөндөн
үч эсе жогору болууда. Бул Apple продукциясын сүйүүчүлөр 2020-жылы
жаңы телефондорду сатып албоону чечкени менен байланыштуу.
Белгилеп кетсек, акыркы үлгүдөгү модель
Россия рыногуна 24-сентябрда чыкты