Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Кургак-Тектир айылындагы 190 орунга чакталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган.

 

Анда заман талабына жооп берген компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары, атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар каралган.