Ош облусунун Орке айылындагы №34-мектеп жаңы окуу жылына карата
пайдаланууга берилет. Билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталган.
Учурда курулуш 75 пайызга даяр, — дешти Мамлекеттик курулуш агенттигинен.
Бүгүнкү күндө объектинин чатырын жабуу, терезе, эшиктерди орнотуу жана
ички, тышкы жасалгалоо иштери аткарылууда.
Долбоордун сметалык наркы 58 миллион сомду түзөт.