Бүгүн Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы жеткирилет

Бүгүн Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы жеткирилет.

Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Препарат гуманитардык жардам катары келет. Эске салсак, буга чейин

саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөгө казакстандык

QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алынып келинерин жарыялаган.

Бирок коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов жана саламаттыкты

сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты жокко чыгарган.