Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыкты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, Бишкекте 12, Ош шаарында 3, Ош облусунда 3, Нарында 2, Жалал-Абад облусунда 1 адам ооруканадан чыгарылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 709га жетти.