Пекинден Бишкекке туруктуу аба каттамдардын жоктугунан улам, кытайлык вакцинанын экинчи партиясын жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралды

Пекинден Бишкекке туруктуу аба каттамдардын жоктугунан улам, кытайлык вакцинанын экинчи партиясын жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, 150 миң дозаны алып келүү үчүн ведомстводо жеке учак жок. Андан улам, учурда вакцинаны жеткирүүнүн башка жолдору каралып жатат. Буга чейин Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражат россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алууга жумшалган, — деди чиновник.