Бишкек – Нур-Султан аба каттамы жанданат.
Казак өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия кабыл алган
чечимге ылайык, аба жолдору коңшу өлкөнүн авиакомпаниясы аркылуу ишке ашат.
Каттамдар 10-ноябрдан тартып жумасына 3 ирет аткарылат. Учуу убактысы
1 саат 40 мүнөттү түзөт. Эске салсак, Казакстандын борборуна аба каттамдар
пандемия башталганда токтотулган. Кийинчерээк Бишкек — Алматы жана
Бишкек — Түркстан аба каттамдары гана жанданган.