Ош шаарында төрт суу сактагыч курулуп жатат

Ош шаарында төрт суу сактагыч курулуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, ар бир объект алты миң куб сууну батыра алат.

 

Муниципалитет курулуш иштеринин бүтүшү менен тургундарды таза суу менен камсыздоо маселеси чечилет деп ишендирүүдө. Бул айрыкча суу ташкындары жана сел учурунда актуалдуу болору белгиленди.