Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун текшерип алышы керек

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткандар карызы бар-жогун текшерип алышы керек. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, муну “Түндүк” порталында ишке ашырууга болот. Анда “Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү” кызматы онлайн форматта жеткиликтүү.

 

Ведомство карызды өз убагында төлөбөй коюу бир катар көйгөйлөрдү жаратып жатканын эскертет. Алсак, жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, мүлкү камакка алынышы мүмкүн.