10-июнда Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактардын, ички-сырткы көчөлөрүнүн жана имараттардын тазалыгына, жашылдандыруу жумуштарынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.