Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканалдан» билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган аймактан тышкары «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарында да ичүүчү суу түнкү саат 11ден таңкы 6га чейин өчүрүлөт. Бул аргасыз чара, ордо калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл, — деп айтылат маалыматта.