Ош жана Ташкент шаарлары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган шаардын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугушту.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашты.

“Биринчи долбоорду ишке ашыруунун алкагында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун насыясы жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферттин эсебинен 50 жаңы, көп функционалдуу, 16 орундуу ISUZU үлгүсүндөгү автобустарды алуу бекитилди”, — деп белгиледи Мамбетов.

Жахонгир Артикходжаев өз сөзүндө шаардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн шаардык кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташтыкта ​​жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Ошондой эле Ташкенттин башчысы биргелешкен ишканаларды ачуу, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу, лифт жабдууларын жеткирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.