Ошто Ак-Буура дарыясынын жанында чоң эс алуу аймагы пайда болот

Ошто Ак-Буура дарыясынын жанында чоң эс алуу аймагы пайда болот. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, аталган тилкедеги мыйзамсыз жарнамалык такталар, курулуштар алынып, жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат.

 

Долбоордун алкагында балдар аянтчалары, эс алуу аймагы, көпүрөлөр, веложолчолор курулат.