Австриянын жашоочусу таштанды баштыгынан 16 миң евро таап алып, полицияга өткөрүп берди

Австриянын жашоочусу таштанды баштыгынан 16 миң евро таап алып, полицияга өткөрүп берди. РИА Новости жазгандай,  26 жаштагы кыз жолдон өтүп баратып таштанды баштыгын көрүп калган.

 

Ал тиешелүү эмес жерде жаткандыктан, челекке ыргытып коюуну туура көрөт. Бирок баштыктын ичинде ири суммадагы акчаны көрүп калат. Табылгасын ал дароо полицияга алып барып берген. Акча 28 жаштагы кишиге таандык экени аныкталып, ээсине кайтарылды.