Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгын бекитти

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгын бекитти. БШКнын маалыматына ылайык, комиссия бардык арыз жана даттанууларды карап чыкты.

 

Жалпысынан, ордо калаада 130 миң 215 шайлоочу добуш берди. Анын 78 миңден ашыгы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдосо, 47 миңи каршы чыкты.

 

Эске салсак, Негизги мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өттү.