Кыргызстанда бүгүнтөн тарта өлкө ичинде поезд менен каттаган жүргүнчүлөр үчүн жол кире кымбаттады.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, жаңы тариф тууралуу буйрук кечээ, 16-июнда чыкты.
Алсак, Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом,
Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды.
Белгилеп кетсек, буга чейин Балыкчыга чоңдор үчүн билет баасы 69 сом болчу.