Президент бүгүн мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат

Бүгүн, 6-июлда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында «Алтын сертификаттын» ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өтөт.

 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 14:00дө башталат.


Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 54 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон.