Саидбек Зулпуев Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык 55 жаштагы Саидбек Зулпуев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Боршайкомдон билдиришкендей, эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги ыйгарылды.

 

Эске салсак, ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна келди. Боронбаев 2021-жылы «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.