Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында вакцинация жүргүзүү үчүн зарыл материалдар жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, партияда 423 миң ийне жана 4 миңге жакын материалды коопсуз жок кылуу үчүн атайын кутучалар бар. Эске салсак, программанын алкагында Кыргызстанга май-июнь айларында коронавирустан AstraZeneca вакцинасынын 405 миң дозасы жеткирилет.
Ал эми азыркы тапта өлкөдө кытайлык препарат менен эмдөө жүрүүдө.