Мамлекеттик ипотекалык компания кыргызстандыктарды шылуундардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырат

Мамлекеттик ипотекалык компания кыргызстандыктарды шылуундардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырат. Соңку кездерде жарандардан насыя алууга жардам берүү үчүн жана кезекти алдыга жылдыруу үчүн акча сурагандар боюнча билдирүүлөр түшүп жатат.

 

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу боюнча процесс толугу менен автоматташтырылган жана ага эчким кийлигише албайт.

 

Андыктан, компания жарандарды этият болууну сунуштайт.