Россияда мигранттарга QR-код ыйгаруу сунушталууда

Россияда мигранттарга QR-код ыйгаруу сунушталууда.

Бул мигранттардын так санын билип, алардын өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүргөнүн аныктоо

үчүн, — деп билдирди Куруучулардын улуттук бирикмесинин жетекчиси Антон Глушков.

Сунуш өкмөттө талкууланып жатат. Чет элдик жаранды жумушка алуу же документтерди

текшерүү учурунда дал ошол код аркылуу адамдын мыйзамдуу жүргөнү билинет.

Буга чейин Россияда курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүү сунушталган.