Жарандарга туура эмес берилген персоналдык идентификациялык номерлерди оңдоо боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды.
Эми ПИН боюнча арыздар бир күндөн үч күнгө чейинки убакытта каралып, кызмат бекер көрсөтүлөт, — дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.
Белгилеп кетсек, персоналдык идентификациялык номер баланын туулгандыгы тууралуу каттоо болуп жаткан учурда берилет.
ПИН берүү функциясы 2016-жылдын 1-августунан тартып ишке кирген.