Россиядагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга бүгүн алып келинет

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга бүгүн алып келинет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак кечки саат 6да Ошко келип конот.

Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткирилет, — деп айтылат маалыматта.