Сүлүктүдө өрттөнүп кеткен жети үй кайра курулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, үйлөр шаарды өнүктүрүү фондунун жана элдин эсебинен калыбына келтирилет.
Үй-жайы күйүп кеткен жашоочулар азыр туугандарынын үйлөрүндө, айрымдары убактылуу батирлерде жашап жатышат.
Сүлүктүдөгү “барак” тибиндеги жети там 18-августта өрттөнүп кеткен. Өрткө электр зымы себеп болду деген божомол айтылган.