Жыл аягына чейин Нарында сегиз мектеп пайдаланууга берилет

Жыл аягына чейин Нарында сегиз мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

 

Курулуп жаткан мектептердин экөөсү жаңы окуу жылында каалгасын ачса, калган алтоо жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт.

 

Буга чейин президент Садыр Жапаров жыл аягына чейин республика боюнча 100 мектеп курула турганын айткан.